Жайыл районунда 50 жаштагы жаран катуу сабалды

294

Чүй облусунун Жайыл районунда эркек киши сабалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 14-июнда Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан эркек кишинин сабалганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде ыкчам топ барганда жабырлануучу 50 жаштагы Жекен айылынын тургуну болгон.

Бул окуя боюнча 138-беренеге ылайык, “саламаттыкка оор залал келтирүү” менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары 52 жаштагы жаран кармалган. Шектүү адам азыр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь