Жумабеков: “Мен эл сыйлаган Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тойуна бардым”

244

Матраимовдордун тойунда бата берди деп элдин сынына кабылган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз оюн билдирди. Анын айтымына караганда, Искендер Матраимов аны төрага, кесиптеши  катары тойго коноко чакырган. Ошону менен бирге Кара-Суу районундагы 9-майга карата өткөрүлгөн иш-чарага катышып, согуштун ардагерлерин куттуктаганын кошумчалады.

“Мен ал тойго барганымдын себеби кесиптешим Искендер Исмаиловичтин чакыруу кагазы менен баргам. Биз Жогорку Кеңештин депутаттары эл менен жолугушууларга, ар кандай иш-чараларга, спорттук юндарга барып катышып, тиешелүү сыйлыктарды берип турабыз.  Ошолордой эле,  9-майга карата Кара-Суу райондук администрацияда иш-чара болду. Ал жерде Улуу Ата-мекендик согуштун ардагерлери менен дагы жолугуп, аларды сыйладык. Мындан сырткары Искендер Матраимов үй-бүлөсү менен жылда уюштуруп келген спорттук оюндарга күбө болдук. Мунун эмнеси жаман, ал жерге 40 миңдей адам келип, жакшы сөздөрүн айтып, бата беришти. Ошондой кадыр-барктуу үй-бүлөнү көрүп мен трибунага чыгып, ак батамды бердим. Себеби, мен ал жерге Кыргызстандын маселесин айтууга барган жокмун, тойго бардым,”-деп билдирди Жумабеков.

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин төрагасы: "Матраимовдордун тоюна 40 миңдей адам келип бата бергенден кийин эл сыйлаган үй-бүлө дедим"

Опубликовано Чалкан.org Среда, 19 июня 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь