Бүгүн, 20-июнда парламентте депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин кол тийбестигин алууну жалпы жыйында карап жатышат. Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин атайын депутаттык комиссиясы 13-июнда түзүлгөн. 17-июнда аталган комиссиянын биринчи отуруму болуп, Алмазбек Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Кийин алардын саны алтыга кыскартылган. Алар:
- Кой-Таштагы турак жайы мыйзамсыз алынганы боюнча;
- Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулганы боюнча;
- Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35 гектар жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына мыйзамсыз которгону боюнча;
- “Дастан” ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алганы боюнча;
- Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
- ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.