Индиянын Ченнай шаарында 4,6 млн адам суусуз калды

303
Индияда аптаптын айынан Ченнай шаарындагы суунун негизги булагы болгон Чембарамбаккам көлү кургап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Маалыматтарга караганла, аталган шаарда жашаган 4,6 млн тургун суусуз калган. Мындан башка дагы шаарлардагы көлдөр да кургап бараткандыгына байланыштуу өлкөдө суунун жетишсиздиги мындан да күч алары күтүлүп жатканы айтылууда.
Азыркы күндө бийлик калктын муктаждыгын чечүү максатында автоунаалар менен суу ташып келишүүдө. Бирок, суу алуу үчүн кезекке турган адамдардын сабы бир нече чакырымга узарып, андан улам күтүү бир нече саатка созулуп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь