Каныбек Иманалиев интернетте тарап жаткан документ боюнча жооп берди

178

Эл аралык иштер боюнча комитеттин Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алуу тууралуу чечимине Каныбек Иманалиев кол койгон документ интернетте тарап, талкууга алынган. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнө карата айтылып жаткан сынга жооп берди.

Иманалиев «Азаттыкка» ал документ жалпы парламенттин чечими болгонун билдирген. ” Тийиштүү комитеттерден өткөн. Комитеттин төрагасы катары депутат койгон колу үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Анткени ал жалпы жамааттык чечим болот. Комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе мен кол койгом, мага чейин да кол коюшкан, менден кийин да коюшат. Дүйнөлүк практика ушундай. Ал эми өкмөт каржылык, тендер маселесин карайт.”- деп түшүндүргөн Иманалиев. 

Иманалиев долбоордун каржылык жагына өкмөт жоопкерчиликтүү болоорун кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь