Конституциялык палатанын судьялыгына Карыбек Дүйшеев шайланды. Анын талапкерлигине 85 депутат “макул”, 15 эл өкүлү “каршы” деп добуш берди. Талапкер Карыбек Дүйшеевди депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.
“Ал жогорку билимдүү. Москва мамлекеттик университетин, СССР илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Юридикалык тажрыйбасы бар, Юстициянын мыкты кызматкери”, -деп билдирди Дыйканбаев.
Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.