Корей өкмөт башчысы Кыргызстанга келет

217

Тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Кореянын Кыргызстандагы Элчиси Ха Тэ Ёк мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин Маалымат Департаменти кабарлады.

Эки тарап кыргыз-корей мамилелеринин азыркы абалы жана саясий, экономикалык, парламенттер аралык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү тууралуу маектешти. Ошондой эле, жолушуу учурунда кызматташуунун өзүнчө долбоорлору боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду.

Белгилей кетсек, июль айында Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Буга байланыштуу министр менен элчи сапарды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча дагы пикир алышты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь