Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды

209

Бүгүн 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуштады. Мындан тышкары Усубалиевдин ысымын жогорку окуу жайга дагы берүү боюнча уюштуруу комитетине киргизерин билдирди.

Буга чейин парламент трибунасынан Усубалиевдин аты менен Нарын шаарындагы Ленин көчөсүн атоо сунушу айтылган. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө ыйгаруу керек экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка быйыл 4-февралда кол койгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь