Комитет жыйыны болоордун алдында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева депутаттардын кабинеттерин кыдырып чыккан. Бул тууралуу бүгүн депутат Евгения Строкова билдирди.
Анын айтымына таянсак, билим тармагын караган комитеттин депутаттары Гүлмира Кудайбердиеванын жана ал жетектеген министрликтин ишин канаттандыраарлык деп тапкан. Бирок, комитеттин жыйыны башталаар алдында эле ал ар бир депутаттын кабинетин кыдырып чыккан.
“Жакында Жогорку Кеңештин комитети аталган министрликтин ишин текшерүү боюнча жумушчу топтун маалыматын укту. Көпчүлүк добуш менен комитет тарабынан министрдин иши “канааттандырарлык” деп табылды. Комитет жыйынынын алдында министр депутаттардын кабинетин кыдырып жатканын көргөндөр бар. Бирок, жумушчу топтун чечиминде окуу китептериндеги кеткен каталарда анын күнөөсү бар экени жазылган. Ал күнөөнү өзүнүн орун басарларына оодарып салды”, – деп кошумчалады эл өкүлү.