Кыргызстанда 500гө жакын адам абактан бошотулду

101
Жыл башынан бери 489 соттолуучу абактан чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын башчысы Мелис Турганбаев  бүгүн координациялык кеңештин жыйынында билдирди.
Жетекчинин маалыматына караганда, ар кайсы соттук инстанцияларга 8590 соттолуучунун иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Анын ичинен 6118 иш каралып, 489у бошотулган. Дагы эки миңдей иш өзгөртүүсүз калган.
Эске салсак, 1-январдан тартып Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодексжана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары “Пробация жөнүндө” жана “Мунапыс жөнүндө” мыйзамдар иштеп жатат.
Мындан улам, абактарда жазасын өтөп жаткан 9500дөн ашуун адамдын иши сотто кайра каралып, 400дөн ашык адам абактан чыгары кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь