19-июнда Кант шаарынын аймагында чоң Чүй каналынан жашы 50-55тер чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Чүй ОИИБнан кабарлагандай, маркумдун денесинен күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган.
Эркек кишинин өздүгүн аныктаган учурда ал 52 жаштагы Дмитриевка айылынын жашоочусу болуп чыккан. Бул факт КЖБР “адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, атайын тергөө ыкчам тобу түзүлгөн.
Маркумду өлтүрүүгө шектелип анын 44 жаштагы жубайы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, аягы кылмыш менен аяктаган. Кылмышты жашыруу максатында аялы күйөөсүнүн денесине кирпич байлап каналга салып жиберген.
Учурда кармалган аял Ысык-Ата РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.