Латвияда өскөн Бахтияр Кыргызстанда жашаган апасы менен 26 жылдан кийин гана көрүштү. Эне-баланы Россиянын телеканалындагы “Жди меня” телеберүүсү жолуктурду.
Телеканалдын жамаатына Бактияр апасын табууга жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, 90-жылдары ата-энеси ажырашып, андан кийин атасы аны Рига шаарына уурдап кеткен. Ошол бойдон ал апасын көргөн эмес.
Ал эми Бахтиярдын апасы Айгүл Осмонова жана агасы Алтай Осмонов Кыргызстанда жашап жатышкан.
https://www.youtube.com/watch?v=1LINoz_5SzQ&feature=player_embedded