Ош шаарынын «Манас-Ата»  кичирайонунда жайгашкан «Ак мөөр» аттуу үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусун сот аткаруучулар мажбурлап чыгарып жатат. Бул тууралуу жергиликтүу басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, сот аткаруучулардын эскертүүсүнө карабай жашоочулар үйдөн чыгуудан баш тартышкан.

Ал эми тургундар бараар жери жоктугу менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле, жашоочулар кошумча имарат аларга караштуу болгонун, Ибайдилла Бидинов аттуу жаран тартып алганын, эми күч менен чыгаруу аракети жүрүп жатканына даттанышты.

Бул жерге азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери көз салууда.

Буга чейин 23-мартта сот аткаруучулары аракет кылышкан. Бирок тургундар чыкпй коюшкан.  Алар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

«Ак мөөр» жатаканасы СССР убагында жибек чыгаруучу «Текстильщик» ачык акционердик коомуна таандык санаторий болгон. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин текстил ишканасында иштеген 83 үй-бүлө ага кирип отурукташып калган.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: