Кыргызстандын «Дордой» футбол клубу Түрмөнстандын «Алтын Асыр» командасына 3:1 эсебинде жеңилип калды. Азия Футбол Конфедерация Кубогунун тайпалык этабында орун алган беттеш Ашхабад шаарындагы “Копетдаг” стадионунда өттү.
Дордойдун дарбазасына кирген 3 голдун бирин Кыргызстандык кураманын капитаны Азамат Байматов өзү киргизип алды.
Ал эми кыргызстандык футболчуларга бир эсепти Эрнист Батырканов алып келди.