Чүй областынын Виноградное айылында 24 жаштагы ММА мушкери катуу сабалды. 18-июнда Муса Юсуповду ур-токмокко алып, телефону менен жанындагы 500 000 сомун тоноп кетишкен.
Облустук милициядан билдиргендей, мушкерди сабап кеткендер менен мурда өз ара келишпестик болгон. Жада калса тууган болуп кетери да айтылууда.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Териштирүүнүн натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
Муса Юсупов кесиптик карьерасын 2017-жылы баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин беш беттеш өткөрүп, анын үчөөсүн жеңген.