Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эне-баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 18:00дөр чамасында Кара-Балта шаарындагы 55 жана 30 жаштагы эки адамды жансыз денеси үйлөрдүн биринен табылды. Маалыматтарга таянсак, аларды бычактап кеткени айтылууда. Ошондой эле, Каза болгон жарандардын өздүгү такталып, энеси жана уулу экени белгилүү болгон.
Учурда ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерде иш алып барышууда. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.