Шыкмаматов: Атамбаевдин эң чоң катасы – бүгүнкү тарыхты ойлогон эмес!

86

Атамбаевдин эң чоң катасы бүгүнкү тарыхты ойлогон эмес. Мындай пикирин депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйнында билдирди. Депутаттын айтымында, Атамбаев президент болуп турганда сот, прокуратура, парламент тегеринде өмүр бою болот деп ойлогон. Ал катасын бүгүнкү күндө тарых көргөзүп жатат дейт эл өкүлү.

Мыйзам астында бардыгы бирдей деген принципте саясий чечим менен кол тийбестигин алып коюшубуз керек дейт Шыкмаматов.

Бул окуя кийинки президенттер үчүн чоң сабак болушу керек. Бүгүн бул чечимди кабыл алып беришибиз керек. Президент мыйзамды бузбаса, президент өз билбегенин кылбаса, аткаруу бийлигинде, парламентте, сот органдарында, күч органдарында дагы мыйзам бузуу токтойт. Ишенип койгула! Биздин бүгүнкү чечим тарыхый чечим. Тарых астында бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз. Биз өч алуу эмес, мыйзамдын жогорку күчүн орнотуу үчүн, биз бүгүнкү сайсий чечимди кабыл алышыбыз керек“,- деп сөзүн жыйынтыктады Шыкмаматов.

​Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселеси бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь