Балыкчыда батуттан кулап түшкөн 3 жаштагы наристе комадан чыкпай чарчап калды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаш кыз 19-июнда 21:00дөр чамасында үзүлүп кеткен, дарыгерлердин аракетинен майнап чыккан эмес.
Эске салсак, 9-июнда Балыкчы шаарында катуу шамалдан улам балдар ойноп жаткан батут көңтөрүлүп кетен. Кырсыктан 8 бала жабыркап, экөөсү ооруканага жаткырылган. 3 жаштагы кыздын жараты оор болгондуктан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган болчу.