Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана үстүбүздөгү жылдын 5 айына карата жыйынтыгы каралган кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчү төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарууда. Бул «Альфа Телеком», «ТНК «Дастан», «Ишкерликти өнүктүрүү фонду», «Нарын ГЭС», «Найман ГЭС» акционердик коомдору сыяктуу жана башка бир катар ишканаларга тийиштүү. «Бишкек машина куруу заводу» ААК жана «Кепилдик фонду» ААК сыяктуу компаниялардын сарптоо пландары 206,08% жана 162,38% көбөйгөн.

«Тилекке каршы, бүгүнкү күнү, мамлекеттик менчикти башкаруудагы кырдаал өлкө экономикасынын кызыкчылыктарына жооп бербейт. 106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Биз ар бир объекттин ишин карап чыгышыбыз керек. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана чыгашалуу ишканалардын киреше табуусуна, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, салыктарды төлөөгө жетишүүгө болот. Тилекке каршы, учурда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин бири дагы конкреттүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыккан эмес, демилге көтөрбөй жатышат. Дал ошондуктан Өкмөт тарабынан натыйжалуу ишмердүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү киргизилген.  Себеби башкаруунун төмөндүгүнөн көптөгөн компаниялар рентабелдүү эмес жана чыгашалуу.” -деди Абылгазиев.

Буга байланыштуу премьер-министр Экономика министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: