Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бүгүн Биринчи май райондук сотунда крим төбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткени боюнча сурак берди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, үй камагына калтырганын гана айтты. Бул күнү Батукаевдин иши боюнча Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиев, Жаза аткаруу мекемесинин башчысынын мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиев жана Шамил Атаханов сурак берди. Ал эми мурдагы баш прокурор Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок.