Даарат кагазы ден соолукка зыян деп табылды

241

Даарат кагаздар ден соолукка зыян деп табылды. Мындай чечимди батыштын серепчилери тастыктады.

Алар андыктан анын ордуна балдарга арналган суулуу салфетка же суу менен жууган туура деп кеңеш беришти.

Себеби, даарат кагазы тазалабайт, тескерисинче канча түрдүү оору чакырган бактерияларды козгойт. Башкача айтканда, заара чыгуу жолдоруна инфекция кирип кетишине себеп болот.

Британиялык окумуштуу  Роуз Джордж өзүнүн “Чоң муктаждык” деген китебинде даарат кагазынан баш тартуу керек экенин жазган.  Джордждун бул позизиясына гатроэнтеролог Парта Нанди да кошулат. Анткени, даарат кагазынын ордуна биде суусун колдонсо, ал геморройду алдын алат.

Бирок, биде ар бир үйдө жана коомдук жайларда боло бербейт. Ошондуктан дарыгер дайыма өзүңүз менен кошо суу болгон салфетка алып жүрүүнү сунуштайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь