Интернетке шымы канга булганган бет капчан кишинин сүрөтү чыкты 

138

Социалдык тармактарда бет кап жана көз айнек тагынып, кийип келе жаткан шымы кан болгон эркек кишинин сүрөтү жарыяланды. Сүрөт 19-июнь күнү саат 19:12де тартылганын көрүүгө болот. Ал эми милицияга эне-баланын өлүмү боюнча кабар аталган күнү саат 17:56да келип түшкөн. Бул сүрөт Кара-Балта шаарындагы “Южный” дачасындагы камералардын бирине түшүп калган.

Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы учурда эне-баланын өлүмүнө шектүү катары эч ким кармала электигин айтты. Ошондой эле интернетке тарап жаткан сүрөт боюнча да эч кандай маалымат жок экенин кошумчалады.


Эске салсак, 19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жолдошу менен кайненесин бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь