Короосун тоодой кылып таштандыга толтурган кемпирге жашоочулар арызданышууда (видео)

218

Бишкектин Матыев көчөсү №31 үйүндө жашаган кары кемпир короосун таштандыга толтуруп койгон. Таштанды контейнерлеринен терип келген акыр-чикирлер күн ысыкта жагымсыз жыттанып, коңшуларга ыңгайсыздыкты жаратууда.

Бул тууралуу “Репортерго” шаар тургуну нааразычылыгын билдирген. Анын айтымында, кемпир психикалык жактан жабыркайт. Таштанды үйүнүн алдында тоо болуп үйүлүп турат.

Мындан тышкары кемпир 20 дай жолбун иттерди жана мышыктарды багат.Тиешелүү кызматка кайрылган жашоочулар эч майнап чыкпагандыгын, кары адамга эскертүү гана берилгенин айтышат. Мындан улам, жашоочулар тиешелүү тараптардын чара көрүүсүн өтүнүшөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь