Москва шаарынан бир нече айдан бери жакындары менен байланышпай жүргөн кыз табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын башында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 53 жаштагы Таластын тургуну 18 жаштагы Т.Б. аттуу кызын табууга көмөк көрсөтүүнү суранып кайрылган. Ж.О. арызында кызы 2018-жылдын октябрь айында Орусияга иштегени кеткенин жана ушул жылдын март айынан бери байланышпай калганын билдирген.
Жоголгон кыздын апасы 11-июнда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө келип, кызын белгисиз жайда бирөөлөр күч менен кармап турганын айткан.
Бул факт боюнча ИИМ Москванын аймактарын иликтөөгө алып, 17-июнда кыз табылган.
Кыздын жазган түшүнүк катында Баткен облусунда туулган 19 жаштагы Орусиянын жараны менен чогуу жашап жаткандыгын, алардын баш кошуусуна ата-энелери каршы болгондуктан байланышпай койгондугун айткан. Аны апасына жолуктурганда өз эрки менен Москвада калган. Ал эми апасы Кыргызстанга келди.