Милиция балтаны уурдап жеңине кымтып кеткен (видео)

114

Бишкекте өткөн ШКУнун саммити учурунда шаардын ВДНХ аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөп турган Октябрь РИИБинин кызматкери милициянын майору Н.Ккафелердин биринен балта уурдап кеткен. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, видео байкоодон милиция кызматкери кафенин аймагына кирип, эч ким жок экенин билген соң балтаны алып, атайын кийиминин жеңине салып кеткен.

Белгилүү болгондой, кафенин кожоюну Октябрь РИИБине карашту №4-милиция бөлүмүнө кайрылып, уурулук жасаган милициянын майоруна чара көрүүнү талап кылып, уурдалган буюмду кайтарып берүүсүн сураган. Бөлүмдүн башчысы окуяга чара көрүүнүн ордуна кайрылган жарандын кайрылуусун жоопсуз калтырган.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы аталган факты боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь