Мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды

126

Талас облсунун Манас районун «Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 3 тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз Казакстандан Кыргызстанга ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«Ford Transit» маркасындагы унааны текшерүүгө алганда анын ичинен 300 литр күйүүчү майы бар кошумча бак табылган.

Ошол эле күнү аталган көзөмөл-өткөрүү бекетинен «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда 3 тоннадан ашык дизелдик отун табылган. Алар 50 литрлик канистрлерге куюлган.

Бул кармалган жүктөр документтери туура келбегендиктен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь