Ошко заманбап спорттук комплекс курулууда

Ош шаарынын Манас-Ата аймактык башкармалыгына заманбап спорттук комплекс курулат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан кабарлашты.

Берилген маалыматка караганда, имарат Иран өлкөсүнүн жардамы менен курулуп, 2020-жылы пайдаланууга берилет.

Спорттук комплекстин болжолдуу наркы 927.8 миң доллар кетет. «Туматай» уюму тарабынан иштелип чыккан заманбап жайды куруу долбоорунун документтери толугу менен бүткөрүлгөн.

Азыркы күндө курулуш иштерине даярдыктар башталып, кызуу жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь