21-июнга караган түнү Ошто жаш кызды зордукталып, аны өлтүрүп коюу коркунучу болгон. Бул тууралуу жабыркаган М.А. аттуу жарандын жактоочусу жергиликтүү басылмага билдирди.
Кызга кол салган жигит мурда тоноо фактысы менен соттолгон. Ал кызды өлтүрүү үчүн 4 ай убакыт издеген. Кечээ кечинде 22:00 чамасында кыз жашаган батирге кирип келип, бет кабын чечип, жеңинен бычак алып чыккан.
“Мени тааныдыңбы? Мен сени издедим, эми өлтүргөнү келдим” деп кызды 2 жолу зордуктаган. Кыз зөөкүрдүн колунан зорго качып чыгып, милицияга кайрылган.
Укук коргоо органдары окуя болгон үйдөн анча алыс эмес жерден кылмышкерди колго түшүрдү.