Кечээ Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирип кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга ылайык, кырсык саат 23:20 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон. Ош шаарынын 1987-жылкы тургуну 4-кабаттан секирип, 1-кабатта жайгашкан оорукананын чатыранан кулап түшкөн. Андан бутун кокустатып алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы барып, ыкчам аракеттерди көрүп, кийин тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы жакшы.