Парламенттин спикери отставкага кетти

102

Грузиянын парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми парламенттин басма-сөз кызматы “Кабыл алынган чечим – эл алдындагы жоопкерчилик”, – деп билдирүү тараткан.

Эске салсак, ушул жумада өлкөнүн борбору Тбилисиде Парламенттер аралык православ ассамблеясы өткөн. Анда бул ассамблеянын президенти Сергей Гаврилов баштаган Орусиядан келген делегация катышкан. Гаврилов парламенттин төрагасынын креслосунда отуруп сессияны баштаганына нааразы болуп 10 миңге жакын адам Тбилисиде митингге чыккан. Алар парламенттин төрагасын жана өкмөттүн отставкасын талап кылышкан болчу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги митингчилерди “радикалдар” деп атап аракеттерин сынга алышууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь