Өкмөт үйүндө Премьер-министрдин жаңыланган Коомдук кабылдамасынын ачылышы өттү. Салтанатка  Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» Программасынын өкүлү Стефанос Кареклас катышышты.

Самат Кылжыев өз сөзүндө техникалык колдоо жана өлкөнүн мамлекеттик органдарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзгөндүгү үчүн Стефанос Карекласга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Европа Биримдигинин өкүлү Стефанос Кареклас Премьер-министрдин жаңыланган Коомдук кабылдамасынын ачылышын канааттануу менен белгилеп, «эми ал өлкө калкынын көп бөлүгүнө жеткиликтүү» болуп калганын ырастады.

Жыйынтыгында Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Самат Кылжыев Европа Биримдигинин укук үстөмдүгүн күчөтүү, республикада демократиялык принциптерди жана мыйзамдуулукту бекемдөө программасы менен мындан ары карай кызматташууга ишеним билдирди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: