Путин эмнеден уялат?

Орусиянын президенти Владимир Путин тизесине чөгөлөгөн кемпирдин катын жоготуп алганы үчүн азыркыга чейин уялат. Бул тууралуу лидер кечээ коомчулук менен түз байланыш учурунда айтты.

Путин бул тамашалуу  эмес экендигин белгилеп, миллиондогон кишинин көзүнчө жооп берүү кыйын экендигин билдирди.

“Мен бул окуяны мурда дагы айтсам керек. Ачыгын айтканда, азыр деле айтып берүү кыйынга турат. Мен 2000-жылдары аймактарды көп кыдырчумун, өлкөнүн абалы оор эле. Бир ирет айылдардын бирине барып калдык. Иш бүтүп, түн кирип, унаада күздүн ылайлуу жолдору менен бараттык. Бир маалда улгайган аял жолдон пайда болуп, түшүнүксүз бир нерселерди сүйлөп, тиземе жыгылып, кат таштады. Мен ага сөзсүз катты карайм дегем. Катты жардамчыга бергем, бирок жоготуп алдык. Ошону эстеген сайын уялам, муну эч качан унутпайм”, — деди Путин.

Орусиянын башчысы бул окуядн кийин келген каттарды убагында карап чыкканга аракет кыларын кошумчалаган.

“Ар бир суроону дайыма чечүү мүмкүн эмес, арасында чечүүгө мүмкүн болбогондору бар. Мен ондогон каттарды окуп жүрүп, жоготуп ийген катта эмне маселе бар экендигин түшүнгөндөй болдум. Балким, абакта отурган баласына жардам сурагандыр, же башка ушул сыяктуу көйгөй болушу ыктымал. Бирок кептин баары катты биз жоготуп жибергенибизде болуп жатпайбы”, — деди лидер.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь