Социалдык фонддун Сузак району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары өзүнүн кабинетинде жергиликтүү тургундан 10 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганга, социалдык фонддун кызматкери пенсия чегерүү үчүн документтерди жасоо үчүн акча сураган. Ал жалпы 22 миң сом талап кылган. Кармалган учурга чейин ал 13 миң сом алган.Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 21-июнда сот анын бөгөт коюу чарасын карайт.