Жашы жете элек эки кыз эжесиникинен Ош областына түнү менен качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу КР акыйкатчынын малымат кызматы блдирди.
Кечээ, 20-июнь күнү саат 21:05те акыйкат институтуна телефон чалуу түшкөн. Анда такси айдоочу Бишкек-Ош-Бишкек трассасындагы Батыш автобекетине эки кыз келип, Ошто жашаган атасына жеткирип коюну суранышкан. Секелектер 7 жана 11 жашта болушкан.
Балдар акыйкатчысы Гүлнара Жамгырчиева жерине барып, кыздардын апасы каза болуп калгандыгы, учурда алар Бишкекте атасынын эжесиникинде жашап жаткандыгын билген. Эжеси аларды сабап жүргөндүгүн айткан кыздар, шолоктоп ыйлап кайтарып бербегиле деп суранган.
Учурда кыздардын атасы изделип, жаш кыздар балдарды калыбына келтирүү борборуна жеткирилди. Алар акыйкат институтунун көзөмөлүндө.