10-июнга караган түнү саат 03:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө белгисиз жарандын денесинин ар кайсы жерлеринен бычакталган абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат Базар-Коргон РИИБне түшкөн. Маалымат боюнча окуя болгон жерге РИИБнин жетекчилиги, тергөө ыкчам тобу жана өздүк курамы чыгарылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.
Алдын-ала текшерүү учурунда ошол түнү саат 02-30 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 1997-ж.т. А.Б. Базар-Коргон айылы аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунун 550-чакырымында, жолдун четинде белгисиз атуулдар тарабынан 5 (беш) жерине бычак менен жаракат алып, жараатынын негизинде ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган. Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жолдун түштүк четиндеги арыктан 1 (бир) даана бычак, жол жээгинен канга окшогон заттын калдыктары алынган.
Бул каргашалуу окуя боюнча топтолгон материал РИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иш ачылып, маркумдун өлүмүнүн себебин жана денесиндеги жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Коомчулукта резонанс жараткан аталган кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. кармалып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алынды.