Эми тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштешет

175

Мектеп окуучуларынын бүтүрүү салтанаттары, кечелерине байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу ИИМДин басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 600 милиция тартылган. Алар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, ар бир мектепте, көңүл ачуучу борборлордо, сейил бактарда жана адамдар көп топтолгон жайларда кошумча кызматкерлер иш алып барышат.

Ал эми милиция ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдар менен алдын ала сүйлөшүп, бүтүрүү кечелеринде тартип бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырышууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь