Чолпон-Ата шаарынын дарыгерлери жүрөгүнө бычак сайылып келген адамдын өмүрүн сактап калышты. Бычактан жараат алган бейтап 21-июнь күнү эртең менен ооруканага түшкөн.
Туугандарынын айтымында, ал өзүнө-өзү бычак сайган. Кабыл алган жаш дарыгер Кубаныч бейтаптын өмүрү менен күрөшүп, бычакты денесинен сууруп алган. Андан соң жаратын тигип, канын токтоткон.
Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу.