Аида Салянова 26-августка чейин камакта калды

88

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алды.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары 3-июнда камакка алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь