Алыскы айыл тургундарына бекер медициналык текшерүүлөр өткөрүлүүдө

89

Саламаттык сактоо министрлиги апрель айынан тартып көчмө мобилдик клиникаларды жөнөтүү менен бекер медициналык текшерүүлөрдү өткөрүү боюнча акция өткөрүүдө. Мындай текшерүүлөр Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын калкы арасында өткөрүлүп жатат. Жакынкы күндөрү Ош облусунун мобилдик клиникасы жер-жерлерге чыгып баштайт.

Нарын облусунда бул акция 22-июнда старт алган жана ага Ат-Башы, Жумгал райондорунун, ошондой эле облустун бардык алыскы айылдары тартылат.

Калка алдын алуучу текшерүү иштерин өткөрүүгө Улуттук госпиталь, Улуттук эне жана баланы коргоо борбору, Адам репродукциясы борбору, Улуттук кардиология жана терапия борбору, Улуттук онкология жана гематология борбору, Республикалык диагностикалык борбор, Республиклаык иммундук профилактика борбору өңдүү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын врачтар бригадасы катышат.

Ал эми өлкөнүн алыскы айылдарынын тургундары офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолога, маммолог, уролог өңдүү атайын багыттагы адистердин консультацияларын алуу, УДИ жана ВИЧ/СПИДге карата экспресс-тестирлөө тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан сырткары, вакциндө жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү, артериалдык кан басымын, кандагы кант өлчөмүн өлчөө пункттары уюштурулат.

Бардык каалоочулар көчмө мобилдүү клиникалардын жер-жерлерге чыгуу графигин Үй-бүлөлүк медицина борборунан биле алат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь