Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө эл топтолуп жатат (фото,видео)

309

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына тарапташтары чогулуп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, Атамбаев камакка алынышы мүмкүн деген кабардан улам аны колдоого келишкен. Жеринен видеого тарткан күбөлөрдүн айтымында үйүнүн айланасында бир топ унаалар токтоп, элдер чогулууда.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина бидиргендей, экс-президенттин тарапташтары жолугушуу уюштурууну өздөрү демилгелеген.

” Алмазбек Шаршенович үйдүн аймагынан милиция кызматкерлерин көрбөгөнүн айтты. Мен Кой-Ташка барганда жол инспекторлору көп болчу. Жеке пикиримде Алмазбек Шаршенович тыкыр көзөмөлдө”, — деди Карамушкина sputnik.kg агенттигине.

Учурда “Апрель” телеканалы Атамбаевдин үйүнөн түз эфирге чыгып, коомдук чогулуш болуп жаткандыгын көрсөтүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь