Марат Канулькулов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

199

Марат Канулькулов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Кечээ, 21-июнь күнү Марат Канулькулов Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырылды.

Марат Канулькулов  1975-жылы 26-майда Фрунзе шаарында туулган.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги, юрист квалификациясы боюнча аяктаган.

2002-жылы жактоочулук ишмердүүлүк менен алектенүү укугун алган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь