Финпол: Матраимовдордун чет өлкөдөн мүлктөрү табылган жок

188

Матраимовдордун чет өлкөдө мүлктөрү табылган жок. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) жетекчиси Бакир Таиров «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бажы кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн текшерүү иши ушул жума аягына чыгат.

Ал коомчулуктагы «финансылык кылмыштар менен күрөшүү тармагында иштеген айрым инсандардын Матраимовдорго жакындыгы бар болгондуктан, иш татыктуу иликтенбей жатат» деген сындарды туура эмес деп эсептейт.

“Тергөө өз нугу менен бара жатат. Менин алар менен эч кандай мамилем жок. Бирок, ал кишини кээ бир учурда көрүп калгандыгым чын. Кыргызстан кичинекей эле өлкө.”

Таиров тергөө ишине эч ким аралашпагандыгын айтып, «жогору жактан, башка жактардан чалып, карап кой деген сөз болгон эмес», — деп ишендирди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь