Үч өспүрүм 6 жашар кызга өрт коюп жиберишти

289

Тажикстанда үч өспүрүм алты жашар кызга от койду деп шектелүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазганына караганда, окуя 19-июнда борбор шаар Душанбеден алыс эмес жерде болгон.

Кыз денесинин 65% күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү деп үч өспүрүм кармалды. Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай, өз билгенин кылып көчөдө ойноп жүргөн балдар экенин айтты. Тажик президенти Эмомали Рахмон иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды.

Булак: “azattyk.org”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь