Америкалык журналист: “Трамп мени дүкөндөн зордуктаган”

158
Америкалык жазуучу, журналист Жин Кэррол АКШ президенти Дональд Трамп аны зордуктаганын айтты. Окуя 1990-жылдардын ортосунда болгону кабарланууда.
Elle журналынын колумнисти, жазуучу Жин Кэррол июль айында чыга турган китебинде аны Дональд Трамп Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн биринде зордуктаганын баяндаган. Бул тууралуу New York Magazine басылмасы жазып чыкты.
Кэрролдун айтымында, ал Трамп менен 1995-жылдын аягында же 1996-жылдын башында Нью-Йорктогу «Бергдорф Гудман» дүкөнүндө жолуккан. Трамп ага сүйүктүүсүнө ич кийим алып жаткандыгын айтып, ченеп берүүсүн суранган. Экөө чогуу кийим өлчөө бөлмөсүнө кирген кезде АКШнын азыркы президенти аны зордуктаганын айтат.
АКШ президенти айыптоолорду четке кагып, журналист менен эч качан жолукпаганын, окуя ойдон чыгарылганын билдирди.
Ушуну менен Дональд Трампты 16-жолу зордуктоого айыптап жатышат.

Булак: Жебе Медиа

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь