«Жаштар үчүн чек ара жок!» фестивалы Токтогул районунда уланды

224
«Жаштар үчүн чек ара жок!» фестивалы Токтогул районундагы Үч-Чат жайлоосунда уланды. Кыргыз-өзбек жаштары улуттук оюндарды ойношуп, атайын даярдалган концерттик программага жана көргөзмөлөргө күбө болушту.
Фестиваль өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен ПРООН жана ЮНИСЕФ уюмдарынын колдоосу астында өткөрүлдү.
Фестивалдын максаты: эки өлкөнүн жаштарынын чек арасыз, чектөөсүз жылуу мамиледе болуусуна шарт түзүү жана байыртан уланып келе жаткан байланышты токтотпой, ынтымакты ыдыратпай, достук мамилени бекемдөө болуп саналат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь