Ит ташталган бөбөктү сактап калды (видео)

346

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы паркта бадалдардын арасында, эл байкабай турган жерге ташталган ымыркайды ошол жерде ээсин ээрчип жүргөн ит сактап калды.

Мачо деген атту ит паркта жүргөндө капыстан ээсинин жеңинен тиштеп, бадалдардын коюу өскөн жерин көздөй тарткылаган. Алгач эч нерсени түшүнбөгөн киши иттин бул аракетине көңүл бурбай, бирок абай салып, көрсөткөн жагын көздөй баскан.

Көп байкала бербеген көлөкөлүү жерден аялдын кирдеген ич кийимине оролгон, дүйнөгө жаңы келген ымыркайды тапкан. Наристе алсыз болгондуктан ал тургай ыйлаганга жараган эмес. Кожоюн анын бутун кыймылдатып жатканын байкагандыгын кийин журналисттерге айтып берген.

Ал ошол жерде кайгуулда жүргөн Росгвардиянын аскерлерине кайрылып, алар Тез жардам чакырып, ымыркайды дарыгерлердин колуна тапшырышкан.

Маалыматтарга караганда, азыр бөбөктүн абалы жакшы. Эч жери жабыркаган эмес.

Оорукана кызматкеринин айтымында, баланы төрөлгөндөн 2-3 саат өткөндөн кийин дароо таштап кетишкен.

Учурда полиция кыздын энесин издеп жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь