Кытайдын түштүк-батыш аймагында жер титиреди. Анын кесепетинен 19 адам жабыркап, 11 адам ооруканада жаткырылды.
Чет элдик маалыматтарга караганда, Сычуань провинциясында жекшембиге караган түнү жер силкинип, күчү 5,4 баллга жеткен.
Жер титирөө бүгүн эртең менен дагы кайталанып, күчү 4,6 балл болду.