“Бул алкаш Атамбаев революция идеяларын сатып, тиги мен кубалап жиберген Кара-Кече коррупциячыларына болушуп, жөө жүрүш жасаганда эле түшүнгөм же ашмалтай бир жинди, же популярдуулугумду көрө албаган ичи тар, бузуку – деп жыйынтык чыгаргам.” Мындай пикирин Нурлан Мотуев билдирди.

“Мен ойлогондой эле болду, кийин өзүнөн тыңдарды бүт каматып, буларды эми келтирбейм, мен гана калам деп чыкты. А бул Ютубдагы сөзүмдү мен туптуура 10 жыл мурда, Президенттик шайлоо дебатында айткам. Атамбаев ал теледебатка качып келбей койгондо, мен анын коррупционер экенин бүт Кыргызстан көзүнчө КТРКдан түз эфирден суроо бергем. Көкүрөк көзүм ( Исламда айтылган глаза сердцем) ачык да. Кимдин ким экенин даана көрүп турам. Мындай сыпат олуяларга гана берилет. Ошондо эле мени угуп, Атамбаевден түс үйрүгөнүңөрдө, кийин Кыргызстанга миңдеген кан төгүүлөр коштолгон эл ырыскысын казнадан миллиарддап Атамбаев бандасы уурдаган кырсыктар келмек эмес. Кайра, чындыкты сүйлөгөн мени куудулга чыгарып, чындыкты уккуңар келбей, кумга башын тыккан тоодактай болдуңар. Хадистерде деле айтылат:”Акыр заман келээрде чынчыл момун мусулмандар гориб( чоочун) болуп калышат. Калп чындай, чындык калптай кабыл алынат”,-деп. Акыр заман келээрине деле аз калса керек. Укпасаңар башыңар баш, багалчагыңар кара таш. Үмүтсүз келечекте, карызга баткан оор турмушта жашай бергиле. А мен болсо Аллах тарабынан милдеттендирилген чындыкты сүйлөө озуйпамды аткарып, Аллах астында ажр(сый) табуудамын деген үмүттөмүн.” дейт Нурлан Мотуев.

Булак: NazarNews.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: