Орусиянын учактары Грузияга учпайт  

186

Грузияда Орусияга каршы маанайдагы митингдерден улам Владимир Путин авиакомпанияларга бул өлкөгө учууга тыюу салды. Бул тууралуу коншу өлкөдөгү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Путин өкмөткө Орусиянын жарандарын мекенине кайтуусун камсыздоону тапшырды. Грузияда кырдаал турукташканда учуулар кайра уланары айтылды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилисаясий чыр-чатактар Орусиядан келген туристтердин агымына таасирин тийгизбеши керектигин журналисттерге берген маегинде айтты. “Туристтер Грузияга келиш керек, анткени алар өлкөнү жакшы көрүшөт. Саясатчылар орун алган окуялардын негизинде жаткан көйгөйлөрдү чечиши зарыл”, – деди Зурабишвили.

Бул жумада өлкөнүн борбор калаасы Тбилисиде Парламенттер аралык православ ассамблеясы өткөн. Анда бул ассамблеянын президенти Сергей Гаврилов баштаган Орусиядан келген делегация катышкан. Гаврилов парламенттин төрагасынын креслосунда отуруп сессияны баштаганына нааразы болуп, 10 миңге жакын адам Тбилисиде митингге чыккан. Алар парламенттин төрагасын жана ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Бул окуялардан улам Грузиянын парламентинин төрагасыИраклий Кобахидзе отставкага кеткен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги митингчилерди “радикалдар” деп атап аракеттерин сынга алышкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь