Россияда терезе, эшик чыгарган фабрикада иштеген ондогон тажик жараны ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Бул окуя 22-июнда Москванын четиндеги Одинцово шаарчасында болгон. Жабыркаган 50дөй эмгек мигрантын ооруканага «Тез жардам» менен алып кетишкен. Алардын экөө азыр реанимацияда, абалы оор. Айрым маалыматтарга караганда, мигранттар фабриканын ашканасында даярдалган тамакка ууланышкан.
Ал эми ишкана ээлери алар коон жегенден кийин өзүн жаман сезе баштаганын айтканы тууралуу маалымат тарады. Бирок мигранттар коон сатып алууга акчасы жок экенин айтышты.
Аталган фабрикада 200дөй тажик жараны эмгектип келишкен.